Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров: Жаңы имаратта иштөө — мамлекеттин тарыхынын жаңы барагы

Кыска кабар | 2 Сен 2024 | 225 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Ынтымак Ордо» жаңы имаратында биринчи аппараттык кеңешме өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелери, калктын жашоо-турмушун жакшыртууга багытталган стратегиялык демилгелерди ишке ашыруунун жүрүшү, ошондой эле Президенттик администрациясынын үстүбүздөгү жумадагы иш планы талкууланды.

Акылбек Жапаров Президенттик администрациянын жаңы имаратынын ачылышы – жаңылануунун символу экенин белгилеп, жаңы имаратта иштөө мамлекеттин тарыхынын жаңы барагы экенин айтты.

Жыйынга президенттик администрациянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, министрликтердин, ведомстволордун жетекчилери жана президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү видеоконференция аркылуу катышты.

Президенттик администрациянын «Ынтымак Ордо» жаңы имараты 30-августта ачылды. Президент Садыр Жапаров бул долбоор өлкөнүн административдик инфраструктурасын жакшыртуу боюнча масштабдуу пландын башталышы экенин, жакында жаңы административдик шаарчанын курулушу башталарын айткан.

Бардык министрликтер жана ведомстволор бир жерге курулат. Бул шаарча соңку заманбап талаптарды жана стандарттарды эске алып, мамлекеттик органдардын эффективдүү иштеши үчүн бардык шарттары камтыйт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM