Биз менен байланышыңыз

Нарында күйөөсү бычак сайган аялдын абалы тууралуу маалымат берилди

Кыска кабар | 2 Сен 2024 | 291 | 0

Саламаттыкты сактоо министрлиги Нарын шаарында күйөөсү бычак сайганы кабарланган аялдын абалы туруктуу экенин билдирди.

«Жабырлануучу 31-август күнү Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жаткырылган. Учурда анын абалы туруктуу. Мойнуна жана бетине бир канча жолу бычак сайган. Бычак терең кирбегендиктен, операция жасалган жок. Керектүү бардык жардамдар көрсөтүлүп жатат» , — деп билдирди.

Нарын облустук оорукананын тез жардам бөлүмүнө 31-августта саат 11:00 чамасында Нарын шаарында жайгашкан Он-Арча базарынан жолдошу аялын бычак менен сайып салганы тууралуу билдирүү келип түшкөн.

«Ыкчам тергөө тобу барган учурда Нарын шаарынын тургуну 1982-жылы туулган  М.Н. келинчеги Он-Арча базарынын ичиндеги ашканада ашпозчу болуп эмгектенген 1983-жылы туулган С.Аны ашкананын ичинен өзү көтөрүп жүргөн бычагы (маки) менен сайып салгандыгы аныкталган», — деп айтылат маалыматта.

Кечээ, 1-сентябрда Нарын шаардык соту тарабынан кармалган адамдын баш коргоо чарасы каралып, эки айга камакка алынды.

Жабырлануучу С.А Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жаткырылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM