Биз менен байланышыңыз

Быйыл мөмө-жемиштер 10 миң тоннага көп жыйналды

Кыска кабар | 2 Сен 2024 | 188 | 0
Сүрөт: Sputnik

2024-жылга карата республика боюнча дан өсүмдүктөрүн жыйноо иштери жалпы 417 миң га, башкача айтканда, 70 пайыз жыйналды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Анын ичинде буудай 217 миң гектардан жыналды, бул өткөн жылга караганда 16,9 миң га көп. Жогорку түшүмдүүлүк Жалал-Абад, Талас жана Ысык-Көл облустарында 30,0-33ц/га болууда. Ал эми дүң жыйым 644,6 миң тонна болуп, 2023-жылдан 256 миң тоннага көп.

Арпа 193 миң га аянтты түзүп, өткөн жылдан 31 миң гектарга көп жыйналууда. Арпанын жогорку түшүмдүүлүгү Чүй облусунда 29 ц/га болууда.

Жүгөрү — жалпы 8 миң гектар аянттан жыйналып, түшүмдүүлүк былтыркыдан 7,4 ц/га көп. Эң жакшы түшүмдүүлүк Ош облусунда 99,0 ц/га болууда.

Ал эми картошканын 19 миң гектары, тактап айтканда 28 пайызы казылып, түшүмдүүлүк өткөн жылдан 4,6 ц/га көп. Ысык-Көл жана Чүй облустарында 182,8 — 184 центнерден түшүм алышууда.

Жашылчанын дүң жыйымы — 539,4 миң тонна, же 2023-жылдан 127 миң тоннага көп жыйналды. Мөмө-жемиштер 44 тонна жыйналып, өткөн жылдан 10 миң тоннага көп болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM