Биз менен байланышыңыз

Президент кыргызстандыктарды Билим күнү менен куттуктады

Кыска кабар | 1 Сен 2024 | 207 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-сентябрда, кыргызстандыктарды Билим күнү менен куттуктады.

Президент быйыл өлкө боюнча 127 миңден ашуун бала 1-класска бараарын айтып, билим берүү тармагына түзүлгөн шарттарга токтолгон.

“Бүгүнкү тез өзгөрүп жаткан дүйнө жүзүндө санариптин, технология заманынын арааны жүрүп жаткан кезде, кайсы гана мамлекет болбосун, билим берүү тутуму өнүгүүнүн өзөгүн түзөрүн аңдап, бул тармакка өзгөчө мамиле жасап келатышат.

Биз дагы дүйнө агымынан артта калбай, билим берүү тармагын туруктуу өнүктүрүүнү мамлекеттин жүргүзүп жаткан саясатынын артыкчылыктуу багыты катары карап, окутуунун сапатын арттыруу үчүн бардык зарыл шарттарды түзүү далалатын көрүп келебиз. Бүгүнкү күндө республика аймактарында мамлекет тарабынан балдар үчүн камкордуктар күчөтүлүп, бардык шарттары бар заманбап жаңы мектептер курулуп, четинен ишке берилүүдө”,- деп айтылат өлкө башчынын куттуктоосунда.

Билим берүү жана илим министрлиги 12 жылдык билим берүү боюнча «Алтын казык» деп аталган жаңы мамлекеттик программаны сунуштаган. Президент Садыр Жапаров жаңы программа мамлекеттин келечегин аныктай тургандай болушу керектигин айткан.

Реформага ылайык, алты жаштагы балдар 100% милдеттүү түрдө мектепте билим алат. Ал эми мектепке даярдоо толугу менен мектепке чейинки билим берүү системасына өтөт. 10-11-12-класстарда кесипке багыт берүү иштери башталат.

Ошондой эле президент биринчи жолу мугалимдер үчүн ноутбук сатып алууга каражат бөлүнгөнүн белгилеген. Анда алгач STEM предметтеринин мугалимдери, андан кийин бардык мектеп мугалимдери камсыз болоорун айткан.

Билим берүү министри Догдүркүл Кендирбаева октябрь айынан тарта мугалимдерге ноутбук бериле баштаарын айткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM