Биз менен байланышыңыз

Элчилик: Германияда кармалган 15 жаштагы өспүрүм сурактан кийин кое берилген

Кыска кабар | 30 Авг 2024 | 118 | 0

Германиянын Золинген шаарындагы фестивалда кол салуу уюштурган жаранга көмөктөшкөн деп кармалган 15 жашар өспүрүмдүн кыргызстандык экени аныкталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Германиядагы элчилиги билдирди.

Буга чейин элчилик кыргызстандык делген 15 жаштагы өспүрүмдүн кармалганы тууралуу маалымат берип, анын Кыргызстандын жараны экендиги такталып жатканын билдирген.

Германиянын башкы прокуратурасы берген маалымат боюнча, 15 жашар өспүрүм кол салууну уюштурган 26 жаштагы сириялык жаран менен кол салуудан мурун байланышканын, мындан улам кыргызстандык өспүрүм кол салуу тууралуу маалыматты билген деген шек менен суракка алынган. Ал 24-августта кармалып, 25-августта кое берилген. Учурда ал эркиндикте.

Ал эми Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги 15 жаштагы өспүрүмдүн өзү да, ата-энеси да ведомствого жардам сурап кайрылбаганын белгилейт.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM