Биз менен байланышыңыз

Социалдык контракттын катышуучуларына пайызсыз насыя берилип баштайт

Кыска кабар | 30 Авг 2024 | 130 | 0

Социалдык контракттын катышуучуларына пайызсыз насыя берүү программасына арыздарды кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Маалыматта айтылгандай, пайызсыз насыя программасы социалдык контракттын катышуучуларына бизнести же көмөкчү чарбаны кеңейтүү жана колдоо үчүн пайызсыз насыяларды берет.

6 айдан кем эмес ишкердик ишин жүргүзгөндүгүн ырастоочу документи бар социалдык контракттын катышуучусу пайызсыз насыя алуу үчүн Программага катышуу мүмкүнчүлүгү бар. Социалдык контракттын катышуучулары бекитилген бизнес-планга ылайык ишкердик демилгелерин андан ары өнүктүрүү үчүн үч жылдык мөөнөткө 200 000 сомго чейин пайызсыз насыя ала алышат.

Катышуучулар пайызсыз насыя алгандан кийин 3 ай жеңилдик алышат (төлөнбөйт), андан кийин 3 жылдын ичинде ай сайын бирдей үлүштөр менен төлөө жүргүзүлөт.

Эскертүү: Программага катышуу үчүн “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ачык акционердик коомдоруна кайрылуусу зарыл.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM