Биз менен байланышыңыз

Көмүрдүн баасына үч айлык мамлекеттик көзөмөл киргизилет

Кыска кабар | 26 Авг 2024 | 241 | 0

15-сентябрдан тарта өлкө боюнча көмүрдүн баасына 90 күндүк убактылуу мамлекеттик көзөмөл салуу киргизилет. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.

Мындай чечим көмүргө болгон баанын өсүшүнө жол бербөө, калкка жеткиликттүү камсыз кылуу максатында кабыл алынган.

Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 455 токтому менен бекитилген социалдык маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу тартибине ылайык мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо боюнча чараларды көрөт.

Жыл сайын күз мезгилинен тарта көмүр саткан жайлар ачыла баштайт. Расмий маалыамт боюнча, жыл сайын өлкө боюнча бир миллион тоннага жакын көмүр керектелет.

Тургундар жылда көмүрдүн баасы кымбаттыгын айтып, бийлик өкүлдөрүнө бааны көзөмөлдөп берүүнү өтүнүп келишет.

Copyright © 2017 Maral FM