Биз менен байланышыңыз

Президент Улуттук банктын төрагасына сөгүш жарыялап, эки орун басарын кызматтан алды

Кыска кабар | 24 Авг 2024 | 216 | 0

Президент Садыр Жапаров Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаевге сөгүш жарыялады. Ошондой эле анын орун басарлары Манас Жакыпов менен Кайып Куленбеков ээлеген кызматтарынан бошотулду. Бул тууралуу 23-августтун кечинде Президенттик аппараттын сайтына жарыяланды.

«Акча-кредит саясаты чөйрөсүндөгү жетишсиз иштер валюта курсунун туруксуздугуна алып келди, бул болсо экономиканын бардык тармактарына терс таасирин тийгизип, жарандардын жана ишкерлердин бакубаттуулугун начарлатты.

Экономикага таасир тийгизген терс факторлор бизнес, финансы рыноктору, калк жана инвесторлор тарабынан ишенимди жоготуу коркунучун жаратты»-, деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, жетекчилик курамды талаптагыдай координациялабагандыгы үчүн Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаевге сөгүш жарыяланды.

Банк тутумунун жана улуттук экономиканын туруктуулугуна терс таасирин тийгизип, ишенип берилген аймакта көзөмөлдү жоготуу шартында бул чечимдер президент Садыр Жапаров тарабынан аргасыз чара катары кабыл алынды. Бул чара финансы рыногунун нормалдуу иштешин калыбына келтирүү жана натыйжалуу башкарууга кайтуу үчүн зарылдыгы 

Ошондой эле Улуттук банктын төрагасынын орун басары Кайып Куленбеков берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду.

Ушул жылдын 26-июнда Жогорку Кеңеш Улуттук банктын төрагалыгына президент Садыр Жапаров көрсөткөн Мелис Тургунбаевдин талапкерлигин карап, колдогон.

Парламент спикери Улуттук банктын жаңы төрагасына бул тармакка жаңычылдык киргизүүнү сунуштаган.

Мыйзамга ылайык, Улуттук банктын төрагасы Жогорку Кеңештин чечими менен кызматынан бошотулат же дайындалат.

Copyright © 2017 Maral FM