Биз менен байланышыңыз

УКМК: Таласта 402,6 млн сомдук жер тилкелерин мамлекеттин балансына өттү

Кыска кабар | 24 Авг 2024 | 139 | 0

Таласта «Талас айыл көмөк» мамлекеттик акционердик коомунун жетекчилиги мамлекеттик органдардын кызмат адамдары менен тил табышып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен, Талас шаарынын базарынын аймагындагы 1,9 га аянттагы жер участокторун жеке менчикке бергендиги аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди. 

Мындан улам, Талас облусунун прокуратурасы менен биргеликте жүргүзүлгөн текшерүү иш-чараларынын натыйжасында жалпы баасы 402,6 млн сомду түзгөн жер тилкелери мамлекетке кайтарылды.

УКМК буга чейин мыйзамсыз менчиктештирилген объектилерди, жерлерди аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында бир канча объектилерди мамлекеттин балансына кайтарган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM