Биз менен байланышыңыз

Министрлик: мектептердеги 5 баллдык баалоо ситемасы өзгөрүүсүз калат

Кыска кабар | 22 Авг 2024 | 139 | 0

Билим берүү министрлиги “Алтын казык” мектеп билим берүү системасын  трансформациялоо программасында окутуунун 12 жылдык компонентине өтүүдө 5 баллдык система сакталаарын билдирди.

«Бул программада 10 баллдык система жок. Министрлик КАОнун сайтында жарыяланган маалымат айрым эксперттердин жеке пикири экенин жана  министрликтин расмий позициясын чагылдырбасын баса белгилейт»-деп айтылат маалыматта.

19-августта Кыргыз Билим берүү академиясы 12 жылдык билим берүү концепциясын сайтына жарыялаган. Анда 12 жылдык окутуу системасында мектептердеги 5 баллдык баалоо  системасы, 10 баллдык баалоо системасына өзгөрөөрү жазылган. Концепцияда 1-2-класстарда балдарга баа койбой, 3-класстан 12-класска чейин окуучуларга 1ден 10го чейинки баа коюу сунушталган болчу.

Буга чейин министр Догдуркүл Кендирбаева 12 жылдык окутууга өтүү боюнча саясий чечим кабыл алынганын, бул чечим менен STEM системасы аркылуу өлкөнүн бардык мектептеринде бүгүнкү күнү кымбат акы төлөп окуп жаткан менчик мектептердин шартын түзүп берүү максат кылынганын айткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM