Биз менен байланышыңыз

Ош шаарында Экинчи дүйнөлүк согуштун жалгыз ардагери каза болду

Кыска кабар | 22 Авг 2024 | 233 | 0

Ош шаарында жашаган Экинчи дүйнөлүк согуштун жалгыз ардагери Касымбай Жолдошов 99 жашында каза болду. Ал  1925-жыл 25-июнда Ноокат районунун Шанкол айылында туулган. Ал 1943-жылы фронтко кетип, 1950-жылы мекенине кайтып келген.

Маркумдун жаназасы Ноокат районунун Шаңкол айылында 22-август, саат 14:оо болот.

Согуш жылдарындагы эрдиги үчүн  «Улуу Ата Мекендик Согуш» ордени, «Японияны жеңүү», «күжүрмөн эмгеги үчүн» медалдары жана күжүрмөн сыйлыктары менен сыйланган.

Согуштан келгенден кийин Ноокат районундагы «Кеңеш» колхозунда колхозчу, бригадир, кассир болуп иштеген.

2004-жылдан баштап Ошто туруктуу жашаган. Байбичеси менен уул-кызын тарбиялап, 15 небереге, 50 чөбөрөгө жана бир кыбырага чоң ата болгон.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2024-жылдын 1-мартына карата маалыматына ылайык, Кыргызстанда Экинчи дүйнөлүк согуштун 40тай ардагери бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM