Биз менен байланышыңыз

Лейлекте таанышын атып өлтүрүп, кийин өзүн-өзү атып алган окуя катталды

Кыска кабар | 22 Авг 2024 | 104 | 0

Баткен облустук ички иштер башкармалыгы 21-август күнү Лейлек районунун тургуну таанышын атып өлтүрүп, окуя болгон жерден изин жашырып, кийин өзүн-өзү атып алганын билдирди.

Маалыматта 21-август күнү саат 16:27 чамасында Лейлек РИИБдин 102 кызматына Лейлек районунун 51 жаштагы М.К. аттуу тургунун белгисиз ок атуучу куралдан каза болгондугу боюнча маалымат келип түшкөн. Окуя Лейлек РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталганы айтылган.

Тергөө учурунда 21-август күнү М.К.(маркум) аялы экөө өзүнүн Honda Jazz үлгүсүндөгү автоунаада тойдон кайтып келе жатканда мурдатан жакшы таанышы болгон Ак-Булак айылынын 55 жаштагы Б.М. аларды токтотуп, М.К. менен учурашып, өзүнүн унаасында турган ок атуучу куралын алып чыгып мурдатан бери келе жаткан келишпестиктен улам М.Кнын көкүрөгүнө эки жолу атып, окуя болгон жерден изин жашырып кетип калган.

Бул жагдай боюнча кылмышка шектүү Б.Мга ыкчам-издөө иш-чаралары уюштурулуп, ошол эле күнү (21-август) саат 17:50 чамаларында Лейлек районунун Кара-Таш жайытында өзүнүн атына катталган 12 калибрлүү  ок атуучу куралы менен өзүнүн көкүрөгүнө өзү атып каза болгондугу белгилүү болду.

Аталган факты боюнча ар тараптуу тергөө амалдарын жүргүзүп, кылмыш жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык, соттук-биологиялык жана соттук-баллистикалык экспертизалары дайындалып, сотко чейинки тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM