Биз менен байланышыңыз

ӨКМ: Тоңдогу табигый кырсыктын алды алынды

Кыска кабар | 22 Авг 2024 | 249 | 0

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы Тоң районунда жаралган табигый кырсыктын алдын алуу иштери тууралуу маалымат берди.

Маалыматта алдын ала берилген маалыматтарды жана селдин жүрүү моделин эске алуу менен Тоң району боюнча  Туура-Суу жана Рыбзавод айылдарында жана «Тоңдун ичи » тилкесинен жалпы 490 адам коопсуз жайга убактылуу көчүрүлүп, жерине инженердик техникалар нөөмөткө коюлганы айтылат.

ӨКМдин Мониторинг департаменти бийиктеги тоо көлдөрүн такай көзөмөлдөп турат. Тоң районундагы 1 категориядагы «Зындан» көлүндө 2023-жылга салыштырмалуу суунун көлөмү көбөйүп, акыркы ай ичи суу деңгээли күндөн күнгө көбөйүп жаткандыгы спутниктен алынган маалыматтан белгилүү болгон.

Атайын эсептөөлөрдү жүргүзүү менен департаменттин адистери Тоң району боюнча тиешелүү кызматтарга көлдүн жарылуу коркунучу бар экендигин алдын ала эки жума мурун кабарлап, ал эми көлдүн жырылышы тууралуу 19-августта маалымат берилген . Ошондой эле сел жүрүшү мүмкүн болгон аймакта селдин багыты моделдештирилип берилгендиктен, суунун нугун буруу иштери жүргүзүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM