Биз менен байланышыңыз

УКМК мугалимдерге мыйзамсыз акча алуу кылмыш экенин эскертти

Кыска кабар | 21 Авг 2024 | 268 | 0

УКМК билим берүү тармагынын кызматкерлерине мыйзамсыз акча бергендиги жана алганы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертти.

Укук коргоо органдары тарабынан Бишкек шаарындагы бала бакчалардын жана мектептердин мугалимдерине, кызматкерлерине бир катар профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлдү.

Бишкек шаарынын муниципалдык мектептери жана мамлекеттик маанидеги мектептер менен бир катар жолугушуулар өткөрүлүп, алардын жүрүшүндө балдарды 1-класска кабыл алууда, ошондой эле башка мектептерден которууда жана балдарды бала бакчаларга кабыл алууда коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө керектиги белгиленди.

Буга байланыштуу КР УКМК билим берүү тармагынын кызматкерлерине мыйзамсыз акча бергендиги жана алганы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет. Окууга кабыл алуу жана которуу үчүн акча талап кылынган ушундай жагдайга жарандар туш болсо, анда 0312-66-04-75 номуруна кайрылсаңыздар болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM