Биз менен байланышыңыз

Министрлик: Кыргызстанда жана коңшу мамлекеттерде маймыл чечек оорусу катталган жок

Кыска кабар | 20 Авг 2024 | 208 | 0

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда жана коңшу мамлекеттерде маймыл чечек оорусу катталган жок. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кѳзѳмѳлдѳѳ департаментинин эпидемиолог-дарыгери Венера Алымкулова билдирди.

Анын айтымында, маймыл чечек оорусунун өлкөгө киришин болтурбоо максатында Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан алдын алуу чаралары көрүлүүдө. Аэропорттордо, темир жол станцияларында жана чек ара постторунда санитардык-карантиндик чаралар күчөтүлүп, маймыл чечек оорусу катталган өлкөлөрдөн келген жарандарга өзгөчө көңүл бурулууда.

Учурда санитардык-карантиндик пункттар адамдардын дене табын өлчөө үчүн тепловизор жана байланышсыз термометрлер менен жабдылган. Мындан сырткары, медицина кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу иштери жүрүүдө.

«Жугуштуу оорунун инкубациялык убактысы 14 күндөн 20 күнгө чейин созула тургандыктан, дайыма коркунуч бар. Ошондой эле туристтер же эс алууга барып келген жарандар ооруну алып жүрүүчү болуп калышы мүмкүн. Мындан улам мамлекет тарабынан оорунун келип чыгышын алдын алуу үчүн чаралар көрүлүп жатат», — деди ал.

Ошондой эле эпидемиолог департаментте акысыз анализдер, ПЧР-тесттер жасаларын айтты.

«Оору катталган мамлекеттерден Кыргызстанга келүүнү каалаган туристтер өлкөсүнөн чыгаар алдында скринингден өтүп, зарыл болгон учурларда медициналык жардамдарды алуусу керек. Дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жок. Кыргызстанда жана коңшу мамлекеттерде маймыл чечек оорусун жуктурган учурлар катталган жок», — деди дарыгер.

Учурда Конго Демократиялык Республикасында, Борбордук Африка Республикасы, Кения, Руандада жана Африканын башка өлкөлөрүндө да катталууда, андан сырткары Швеция жана Пакистанда катталды.

Мындан улам Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюму 14-августта глобалдык маанидеги өзгөчө кырдаал жарыялаган.

Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги маймыл чечек оорусу катталган өлкөлөргө барбай турууну сунуштайт.

Copyright © 2017 Maral FM