Биз менен байланышыңыз

«Быстровка» ГЭСине жаңы дизелдик генератор орнотулду

Кыска кабар | 16 Авг 2024 | 155 | 0

Август айынын башында «Быстровка» ГЭСне жаңы дизелдик генератор орнотулду.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, аталган ГЭС «Чакан ГЭС» ААКка таандык.

«Бул генератор 380 В кубаттуулугу менен иштеп, ал суу тосмонун, ачып-жапма дарбазасынын көтөргүчтөрүн резервдик электр энергиясы менен камсыздоо үчүн жана алардын ишенимдүү иштешин, ошондой эле башка электр системаларынын ишин камсыздайт», — деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, мурдагы генератор узак убакыт иштеп, кубаты жетишсиз болгондуктан жарактан чыгып, аны алмаштыруу зарылчылыгы келип чыккан.

Маалымат үчүн: ASCL28S үлгүсүндөгү жаңы еврокожуху бардизелдик генератор 2023-жылы Кытайда өндүрүлгөн. Кубаттуулугу 25 кВА түзөт. Бул генератор жабдуулардын туруктуу иштешин камсыздап гана тим болбостон, ГЭСтин эксплуатациясынын жалпы коопсуздугун да жогорулатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM