Connect with us

Чек ара кызматы учкучсуз учак кулабаганын билдирди

Кыска кабар | 14 Авг 2024 | 341 | 0

УКМКнын чек ара кызматынын басма сөз кызматы, Кыргызстандын учкучсуз учактары, анын ичинде Bayraktar аппараттары да баары толук экенин, эч бири жабыркабаганын билдирди.

Ошондой эле учкучсуз учактарды башкаруучу экипаж коюлган тапшырманы аткарууга дайыма даяр экенин да кошумчалаган.

«Бүгүн 14-августта Балыкчы полигонунда окуу-машыгуу учурунда жаңы тактикалык чакан дрон сыноодон өткөн. Ал Тамчы аба майданына конуу учурунда кулап, күйүп кеткен жана көздөгөн дарегине жетпей калган. Мини-дрондун кулашынан эч ким жабыркаган жок. Учурда аба майданды кырсыктаган мини-дрондун калдыктарынан тазалоо иштери жүрүп жатат. Аталган дронду сыноодон өткөрүүчү топ бул кырсык боюнча түшүндүрмө берет», — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, бүгүн социалдык тармактарда Ысык-Көлдүн Тамчы аэропортунда учкучсуз учак кулаганы тууралуу социалдык тармактарда жазышты.

 

Copyright © 2017 Maral FM