Биз менен байланышыңыз

Олимпиадага катышкан спортчулардын баарына акчалай сыйлык жана унаа белекке берилет

Кыска кабар | 13 Авг 2024 | 578 | 0

Бүгүн, 13-августта XXXIII жайкы Олимпиадага катышкан спортчулар Кыргызстанга кайтып келди. Аларды расмий тосуп алуу салтанаты Турдакун Усубалиев атындагы аянтта өтүп жатат.

Олимпиадага жалпы 16 спортчу катышкан. Алардын баарына президенттин атынан акчалай сыйлык жана унаа белекке бериле турганы айтылды. Күмүш жана коло медалга татыган алты спортчуга КИА Моторстун унаалары белекке берилсе, калган катышуучулардын баарына жакында эле Кыргызстанда өндүрүлүп баштаган «Chevrolet» унаалары тапшырылат.

Мындан сырткары акчалай белектер да берилет. Күмүш медаль тагынган Мээрим Жуманазарова менен Мунарбек Сейитбек уулуна 10 млн сомдон, коло медалга татыган Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов, Үзүр Жусупбеков жана Жоламан Шаршенбековго 7 млн сомдон сыйлык ыйгарылат. Ал эми бардык катышуучуларга буга чейин ар бирине 1 млн сомдон бериле турганы айтылган.

Олимпиадалык кураманы салтанат менен «Манас» эл аралык аба майданынан тосуп алышты.

Спортчуларды маданият, маалымат, спорт жаштар жана туризм министри Алтынбек Максүтов тосуп алып, куттуктоо сөзүн айтты. Ошондой эле мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов да сөз сүйлөдү. Учурда олимпиадалык курама атайын коштоо менен аба майдандан Усубалиев атындагы эски аянтты көздөй келүүдө.

Спортчуларды тосуп алуу салтанатынын экинчи бөлүгү саат 09:30да эски аянтта башталды. Иш-чарага президент Садыр Жапаров да катышып, спортчуларга акчалай жана баалуу белектерди тапшырышы күтүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM