Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга эхинококкоз менен күрөшүү үчүн гуманитардык жардам келди

Кыска кабар | 12 Авг 2024 | 219 | 0

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) Кыргызстандагы өкүлчүлүгү 435 миң даана “Альбендазол 400 мг” таблеткасын түрүндө Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментине гуманитардык жардам катары тапшырды.

Министрликтен билдиришкендей бул өтө маанилүү дары киста жана альвеолярдык эхинококкоз менен ооруган бейтаптарды дарылоо үчүн зарыл. Алынган дарылар жакын арада бардык саламаттык сактоо уюмдарына таратылат.

Эхинококкоз, Echinococcus granulosus козгогучу мите инфекциясы, көбүнчө үй иттери жана мал менен байланышта болгондо жугат. Бул олуттуу оорунун алдын алуу үчүн ит жана мал ээлери малдарын дайыма дегельминтизациялоону жүргүзүү зарыл. Кошумчалай кетсек, жеке гигиенаны сактоо, анын ичинде колду үзгүлтүксүз жуу эхинококкоз инфекциянын жугушун алдын алуунун натыйжалуу жолу болуп саналат.

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин расмий маалыматы боюнча өлкөдө жыл сайын эхинококкоздун 800дөн 1 500гө чейин учуру катталат, анын ичинен 200гө чейин альвеолярдык эхинококкоз менен ооругандар.

Өзгөчө көңүл бурчу маселе – бул балдарда жана жаштарда, алар хирургиялык дарылоо үчүн келген бейтаптардын 58ден 65%ке чейинки чоң үлүшүн ээлейт. Операциядан кийинки рецидивдер бейтаптардын 32–38%ында кездешет, ал эми өлүм 2ден 6%га чейин.

Операциядан кийинки татаалдашуулардын жана рецидивдердин себептеринин бири – “Альбендазол 400 мг” дарыны сатып алуу үчүн бейтаптардын каржылык ресурстарынын кыйындыгынан улам антигельминттик дарылоо курстарынын толук алынбагандыгы.

«Бардык аныкталган бейтаптар антигельминтик “Альбендазол 400 мг” препаратын жакынкы эки жылда бекер ала алышат, бул Кыргызстанда оорунун оорлошуусун, рецидивдерин жана жүгүн бир топ азайтат», — деди д-р Ливиу Ведраско, ДССУнун Кыргызстандагы өкүлү өзүнүн куттуктоо сөзүндө.

«Биз консервативдик жана рецидивге каршы терапияны толук алууга жана бейтаптарыбыздын бакубат жашоосун камсыз кылууга мүмкүндүк берген бул маанилүү гуманитардык жардам үчүн ыраазыбыз. Бул жардам калктын саламаттыгынын тез арада көйгөйлөрүн чечип гана койбостон, бул ооруга каршы күрөшүү жана алдын алуу жаатындагы узак мөөнөттүү аракеттерге колдоо көрсөтөт”, — деп кошумчалады Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинини директору Абдыкадыр Жороев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM