Биз менен байланышыңыз

Бишкек-Ош унаа жолундагы автокырсыктан 6 адам мүрт кетти

Кыска кабар | 12 Авг 2024 | 563 | 0

11-августка караган түнү Бишкек-Ош жолунда унаа кырсыгы катталып, анда алты адам каза тапты. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.

Кырсык Бишкек-Ош жолунуну Ноокен району аркылуу өткөн 487-чакырымында, Кызыл-Туу айылында болгон. Маалыматка ылайык, Бишкектен Ошту көздөй айдап бараткан SsangYong Korando үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу каршы тилкеге чыгып кетип, жүк ташуучу унааны барып сүзгөн.

Автоунаа айдоочусу жана төрт жүргүнчү кырсык катталган жерде мүрт кеткен. Ал эми дагы бир адам Шамалды-Сай шаарынын ооруканасынын реанимациясында үзүлгөн.

Бишкектен Ош тарапка айдап бараткан 41 жаштагы айдоочу карама-каршы тилкеге чыгып кетип, Renault Premium жүк ташуучу машинесин сүзгөн.

Автоунаага кыпчылып калган эки адамдын сөөгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары келип чыгарган.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM