Биз менен байланышыңыз

Айсулуу Тыныбекова: колдооңуздарды дайыма сезип турдум

Кыска кабар | 11 Авг 2024 | 274 | 0

Парижде өтүп жаткан Олимпиаданын коло медалынын ээси Айсулуу Тыныбекова кыргызстандыктарга кайрылды.

Ал бул жолку Олимпиада анын ден соолугуна байланыштуу оор болгонун айтып, ичинде эмоциялар кайнап турганын билдирди.

«Бул жолу ден соолугума байланыштуу оор болду, бирок сиздердин чексиз колдооңуздар мага ар дайым алдыга умтулууга күч берип келет.

Биздин жеңиш жалпыбыздын жетишкендигибиз жана аны сиздер менен бөлүшүп жатканыма сыймыктанам»,-деп билдирүү жазган социалдык баракчасында.

Ал кыргызстандыктардын колдоосуна ыраазычылык билдирип, мындай колдоону ар дайым сезип келерин айткан.

Белгилей кетсек, балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Париж-2024 Олимпиадасында коло байге ээси болду. Токио-2020 Олимпиадасында ал күмүш медаль тагынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM