Биз менен байланышыңыз

Айпери Медет кызы коло медаль үчүн күрөшөт

Кыска кабар | 11 Авг 2024 | 464 | 0

Парижде өтүп жаткан Олимпиаданын алкагында кыз-келиндер арасындагы күрөштө Айпери Медет кызы жарым финалда атаандашына утулуп калды.

Ал америкалык балбан кыз Кеннеди Алексис Блейдстке 6:8 эсебинде жеңилди.

Медет кызы чейрек финалда индиялык балбан кыз Ритика менен күрөшүп, 1:1 эсебинде жыйынтыктаган. Соңку упайды Айпери Медет кызы алганы үчүн ал жеңишке жеткен.

76 кг чейинки салмак категориясында, 1/8 финалдын алкагында кытайлык Ван Цзюань менен күрөшүп, аны 4:1 эсебинде жеңген.

Айпери Медет кызы Олимпиада оюндарына экинчи ирет катышууда. Токио-2020 Олимпиадасында ал 5-орунду ээлеген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM