Биз менен байланышыңыз

Шавкат Мирзиёевге Борбор Азия лидерлеринин Ардак белгиси тапшырылды

Кыска кабар | 10 Авг 2024 | 194 | 0

Президент Садыр Жапаровдун 8-9-август күндөрү Казакстанга болгон иш сапары аяктады.

Сапардын алкагында Борбор Азия жана Азербайжан мамлекеттеринин жетекчилери менен бирге “Достук кечеси” гала-концертине катышты.

9-августта Садыр Жапаров Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Алтынчы консультативдик жолугушуусуна катышты. Жыйынга Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов катышты.

Жапаров өз сөзүндө Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин Консультативдик жолугушууларынын форматы жогорку суроо-талапка ээ экенин жана аймактык кызматташтыкты чыңдоого зарыл болгон кошумча дем берип жатканын канааттануу менен белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында өлкө башчылары аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган бир катар көп жактуу документтерге кол коюшту.

Андан кийин Садыр Жапаров Борбор Азия мамлекеттеринин жана Азербайжандын мамлекет башчыларынын жолугушуусуна катышты. Иш-чарада көп тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү жана аймактын экономикалык өнүгүүсүн жана коопсуздугун камсыздоого багытталган биргелешкен аракеттерди координациялоо маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Андан соң Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге Борбор Азия мамлекеттеринин мамлекет башчыларынын Ардак белгисин тапшыруу аземи болуп өттү.

Президент Садыр Жапаров Казакстанга болгон жумушчу сапарын аяктап, 9-августта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарына кайтып келди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM