Connect with us

Бишкек-Ош жолунун 100 чакырымына асфальт төшөлөт

Кыска кабар | 10 Авг 2024 | 250 | 0

Бишкек — Ош жолунун 100 чакырымы оңдоп-түзөөдөн өтөт. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, аталган жолдун жалпы узундугу 678 чакырымды түзөт. Ал 1964-1965-жылдары курулуп, колдонууга берилген. 2002-жылы реабилитациядан өткөрүлгөн.

Министрлик белгилегендей, Бишкек — Ош жолунан тынымсыз унаалар жүрүп тургандыктан аны капиталдык оңдоодон өткөрүү керек болуп турат. Жолдо пайда болгон чуңкурларды жамоо да убактылуу гана чара болуп саналат. Андыктан бул жолдун 100 чакырымын оңдоп, жаңы асфальт басуу пландалууда.

Алгач Суусамыр өрөөнүндөгү 10 чакырым жол (152-162-чакырымдарды) жаңыланат. Учурда долбоордук-сметалык иш кагаздар даярдалып, курулуш иштерин уюштуруу боюнча жумуштар жүрүүдө.

«Белгилей кетсек, жолдун жогоруда аталган тилкесине жакын жайгашкан асфальт-бетон заводу жок. Алыстан алып келинген жол куруу материалдары сапаты жагынан талапка жооп бербей калат. Завод орнотулган соң асфальт төшөө иштерин баштоо пландалууда», — деп билдирет министрлик.

Бүгүнкү күнгө чейин аталган жолдун Суусамырдагы бөлүгүндө 13 миң чарчы метр чуңкур жамалган.

Министрлик белгилегендей, 2022-жылы Төө-Ашуу ашуунун (132,5-141-чакырымдар аралыгы) түштүк тарабындагы 9,5 чакырым жолго 2 катмарлуу асфальт төшөлгөн.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM