Биз менен байланышыңыз

Агенттик: Быйыл 83 объектинин курулушу бүткөрүлөт

Кыска кабар | 9 Авг 2024 | 152 | 0

Мамлекеттик курулуш агенттиги тарабынан 64 социалдык объекти ишке берилет, бүгүнкү күнгө чейин 33 объект бүткөрүлдү.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев куруучулардын кесиптик майрамына карата Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигине барганда айтылды.

2024-жылдын экинчи жарым жылдыгында курулуш жана капиталдык оңдоп-түзөө боюнча 83 объектти бүткөрүү пландалууда.

Төрөбаев курулуш тармагында көптөгөн долбоорлор жана милдеттер турганын айтып, аларды ишке ашыруу куруучулардын негизги максаттарынын бири экендигин белгиледи.

Андан соң агенттиктин капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөндөн кийинки абалы менен таанышып чыкты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM