Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан жана Греция диппаспорттордун ээлери үчүн виза режимин жойду

Кыска кабар | 8 Авг 2024 | 136 | 0

Кыргызстан жана Греция дипломатиялык паспорттордун ээлери үчүн виза режимин жокко чыгарды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

2023-жылдын 21-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган Кыргызстандын министрлер кабинети менен Греция өкмөтүнүн ортосундагы дипломаттык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашуу 8-августта күчүнө кирди.

Макулдашууга ылайык, Кыргызстан жана Греция дипломаттык паспортторунун ээлери 180 күндүн ичинде 90 күндөн ашпаган мөөнөткө эки өлкөнүн аймактарына кирүүдө, чыгууда жана убактылуу болуу учурунда визалык талаптардан бошотулат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM