10-августтан 12-августка чейин туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
Министрлик бийик тоолордо жүрүш жасоону жана саякаттоону, капчыгайларда, дарыя жээктеринде эс алууну башка күндөргө жылдырууну өтүнөт.
Эртең, 9-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу аймактарда өткүн өтөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +18…+23, күндүз +34…+39,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +14…+19, күндүз +31…+36,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +19…+24, күндүз +34…+39,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +25…+30.
Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +28…+33.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +21…+23, күндүз +37…+39 градус болот.