Биз менен байланышыңыз

Өзбек президенти мамлекеттик сапары менен Казакстанга барды

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Авг 2024 | 869 | 0

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 7-августта мамлекеттик сапары менен Казакстанга барды. Астанадагы эл аралык аэропортто Мирзиёевди Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев тосуп алды.

8-августта Казакстанда бир катар иш-чаралар, анын ичинде эки өлкөнүн Мамлекеттер аралык жогорку кеңешинин алгачкы жыйыны өтөт.

Казакстан президентинин басма сөз кызматы маалымдагандай, лидерлердин жолугушуусунда эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык жана өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүп, саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук-коммуникациялык, энергетикалык, агрардык жана маданий-гуманитардык тармактар боюнча кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланат.

Мындан тышкары Мирзиёев Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин Консультациялык жолугушуусуна жана «Борбор Азия + Жапония» форматындагы диалогго катышат деп күтүлүүдө.

Буга чейин Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин алтынчы Консультациялык жолугушуусу Астана шаарында 9-августта өтөрү кабарланган.

Copyright © 2017 Maral FM