Биз менен байланышыңыз

7-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 6 Авг 2024 | 127 | 0
Сүрөт: Влад Ушаков

Эртең, 7-августта түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын, Ош облустарынын тоолуу аймактарында өткүн өтөт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу аймактарында өткүн өтөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +16…+21, күндүз +32…+37,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +12…+17, күндүз +30…+35,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +18…+23, күндүз +32…+37,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +24…+29.

Нарын облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +25…+30.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +19…+21, күндүз +34…+36 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM