Connect with us

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги: сел жүрүп, таш кулашы мүмкүн

Кыска кабар | 6 Авг 2024 | 200 | 0

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сел жүрүп, таш кулашы мүмкүн экенин эскертти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 6-августта күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда, айрыкча Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Түп жана Тоң райондорунда, Чүй облусунун Жайыл, Ысык-Ата, Чүй жана Кемин райондорунда, Нарын облусунун Кочкор, Жумгал, Ат-Башы, Ак-Талаа жана Нарын райондорунда, Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Аксы, Чаткал, Токтогул, Тогуз-Тороо райондорунда, Ош облусунун Ноокат, Алай, Чоң-Алай, жана Кара-Суу райондорунда, Талас облусунун Бакай-Ата жана Талас райондорунун аймактарында сел жүрүшү жана унаа жолдордо таш кулоосу мүмкүн.

Республиканын унаа жолдоруна сел жана таш кулоого кооптуу тилкелери, айрыкча:

  • Бишкек – Ош унаа жолунун 285, 342-348, 358-362, 400, 411-426-чакырымдарында;
  • Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолунун 64-65, 68-70, 78-80, 100, 106, 121-124, 133-чакырымдарында;
  • Бишкек – Балыкчы (Боом капчыгайы) унаа жолунун 112-128-чакырымдарында;
  • Балыкчы – Бөкөнбаев унаа жолунун 64-117-чакырымдарында;
  • Талды-Суу – Арал унаа жолунун 4-5-чакырымдарында;
  • Ош – Исфана унаа жолунун 64-78, 125-138, 149-190-чакырымдарында;
  • Мырзаке – Кара-Шоро унаа жолунун 18-28, 32-37, 44-56-чакырымындарында;
  • Кербен – Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 2-4, 12-13, 22-24 -чакырымындарында сел жүрүүсү жана таш кулоосу активдешүүсү мүмкүн.

Министрлик жол жүрүүдө этият болуп, коопсуздук чараларын сактоого чакырат. Өзгөчө кырдаалдарга кабылган учурда“112” кызматына чалуу зарыл. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM