Биз менен байланышыңыз

Олимпиада: Бүгүн Акжол Махмудов менен Үзүр Жусупбеков килемге чыгат

Кыска кабар | 6 Авг 2024 | 524 | 0

Бүгүн, 6-августта Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында кыргызстандык 4 балбан күрөшөт.

77 кг салмакта Акжол Махмудов жана 97 кг салмакта Үзүр Жусупбеков грек-рим күрөшү боюнча турнирде беттештерин баштайт. Балбандардын күрөшү Бишкек убактысы боюнча саат 15:00дө, жарым финалдык кармаштар 22:15те болот.

Жарым финалдык беттештерден кийин медаль үчүн мелдештер орун алат.

Килемге биринчи Жоламан Шаршенбеков чыгат. Ал коло медаль үчүн 60 кг салмак ченинде күч сынашат. Анын атаандашы азырынча белгилүү боло элек. Кевин Юран Де Армас Родригез (Куба) — Мехди Мохсеннежад (Иран) беттешинде жеңип чыккан спортчу кез келет.

Алтын байге үчүн күрөшкө эркин күрөш боюнча кыз-келиндер арасында 68 кг салмак категориясында Мээрим Жуманазарова килемге чыгат. Анын атаандашы америкалык спортчу Амит Элор менен таймашат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM