Биз менен байланышыңыз

Кулубаев: Орусиядагы кыргызстандыктардын көбү мекенине келген

Кыска кабар | 5 Авг 2024 | 214 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

Орусиянын аймагында мыйзамдуу жүргөн кыргызстандык жарандарга эч кандай тоскоолдуктар болбойт. Бул тууралуу Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев маалымат жыйынында айтты.

Ал Орусия коопсуздукту көзөмөлдөө максатында мигранттарга карата мыйзамдарды катаалдатып жатканын белгиледи.

«Орусиянын өзүнүн ички мыйзамдары бар. «Крокус Сити Холлдогу» куралдуу кол салуудан кийин, коопсуздукту сактоо үчүн көзөмөлдү күчөтүп жатат. Кыргызстан тарап дайыма Орусия менен бул жаатта сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп турат. Жаңы мыйзамдар Орусиянын аймагында мыйзамсыз жүргөн мигранттарга гана колдонулат. Мыйзамдуу түрдө жүрүшсө, эч кандай тоскоолдуктар болбойт. Кыргызстан ЕАЭБдин мүчөсү болгону үчүн эч кандай тоскоолдуктар болбойт» , — деди ал.

Министр Кулубаев Орусиядагы кыргызстандык мигранттардын көпчүлүгү мекенине кайтып келгенин белгилеп, алардын саны 400 миңге азайганын билдирди.

Анын маалыматына караганда, учурда кыргызстандыктар миграцияга көбүнчө Түркия, Европа, Америка жана башка өлкөлөргө кетүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM