Эртең, 6-августта түнкүсүн жана күндүз көпчүлүк аймакта өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +17…+22, күндүз +31…+36,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +13…+18, күндүз +27…+32,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +19…+24, күндүз +31…+36,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +21…+26.
Нарын облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +21…+26.
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз өткүн өтүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +20…+22, күндүз +33…+35 градус болот.