Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдө майыптыгы бар кызды зордуктоого шектелген эки адам кармалды

Кыска кабар | 5 Авг 2024 | 249 | 0

Ысык-Көлдө майыптыгы бар кызды зордуктоого шектелип эки адам кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы 5-августта кабарлады.

Аталган факт Түп райондук милициясында каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин (Зордуктоо) негизинде иш козголгон. Соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Кылмышка шектүү катары Каракол шаарынын 1993-жылы туулган тургуну А.Н., Түп РИИБнин убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камакка алынган.

Экинчи шектүүнүн өздүгү аныкталып, ал Түп районунун Токтоян айылынын 1988-жылы туулган Б.Н. болуп чыккан. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM