Биз менен байланышыңыз

Бакытбек Касымкулов Кыйноолордун алдын алуу борборуна жетекчи болду

Кыска кабар | 5 Авг 2024 | 117 | 0

Бакытбек Касымкулов Кыйноолордун алдын алуу улуттук борборунун жетекчиси болду. Мындай чечимди борбордун координациялык кеңеши чыгарган.

1-августта Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун жетекчисинин бош кызмат ордун ээлөөгө сынак өткөн. Конкурстук тандоонун жыйынтыгында координациялык кеңештин чечими менен Бакытбек Касымкулов Улуттук борбордун жетекчиси болуп шайланды.

Бакытбек Касымкулов 1983-жылы Таласта төрөлгөн. 2007-жылы Кыргыз улуттук университетин юриспруденция адистиги боюнча артыкчылык диплому менен аяктаган.

2008-2014-жылдары сот системасында иштеген. 2012-жылдан бери Экономика министрлигинин башкы адиси болгон.

2017-2020-жылдары Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун бөлүмүндө эксперт, 2020-2024-жылдары бөлүм башчы болуп иштеген.

Аталган борборду буга чейин Бакыт Рысбеков башкарып келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM