Биз менен байланышыңыз

Бишкекте симфониялык оркестр концерт койду

Кыска кабар | 5 Авг 2024 | 140 | 0

Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүн майрамдоонун алдында борбор калаада ачык асман алдында алгачкы концерт өттү. Иш-чара Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган.

Биринчи музыкалык кече Т.Сатылгановдун эстелигинин алдында өттү. Борбор калаанын мэриясынын чоң симфониялык оркестри шаар тургундарына классикалык музыканын белгилүү чыгармаларын аткарды.

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисттери Игорь Воронцов, Нуржигит Асанов, Тилек Найманбаев, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Замира Мавлянова жана башка таланттуу аткаруучулар өнөрлөрүн тартуулашты.

“Ачык асман алдындагы музыкалык кечелер” долбоору 30-августка чейин уланат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM