5-августтан 6-августка чейин туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.