Бүгүн, 5-августта Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдештер башталат.
Мелдештин биринчи күнү грек-рим күрөшү боюнча 60, 130 кг чейинки салмакта жана кыз-келиндер күрөшү боюнча 68 кг чейинки салмак категориясында беттештер өтөт.
Грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков 60 кг салмак ченинде казакстандык Айдос Султангали менен кез келет.
Ал эми Мээрим Жуманазарова 68 кг монголиялык Делгермаа Энхсайхан менен күч сынашат.
1/8 финалдагы мелдештер Бишкек убактысы боюнча 19:00дө, жарым финал түнкү саат 01:00дө өтөт.
Жубатуучу беттештер жана медаль үчүн беттештер эртең, 6-августта болот.