Биз менен байланышыңыз

УКМК: Жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн айрым кызматкерлер кармалды

Кыска кабар | 2 Авг 2024 | 373 | 0

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын тутумунда туруктуу коррупциялык схема аныкталды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, туристтик мезгилде жүргүнчүлөрдөн Ысык-Көл ОИИБнин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо  башкармалыгынын жана ИИМдин Бишкек шаары боюнча Патрулдук милиция башкармалыгынын айрым кызмат адамдары системалуу түрдө опузалап акча каражатын талап кылып жүрүшкөндүгү аныкталды.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында, 31-июлда Балыкчы шаарынын аймагында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын эки кызматкери пара талап кылган деген шек менен кармалды.

Ошол эле күнү кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган дагы башка инспекторлор катардан чыгарылып, кармалган.

Учурда тергөө иштери уланууда, анын жыйынтыгы боюнча бардык тиешеси бар адамдарды жазык жоопкерчилигине тартуу боюнча чечим кабыл алынары айтылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM