Биз менен байланышыңыз

Таласта кой кайтарган бала боюнча милиция маалымат берди

Кыска кабар | 2 Авг 2024 | 391 | 0

Ички иштер министрлиги билдиргендей, социалдык тармактарда тараган кой кайтарып жүргөн бала боюнча жерине Айтматов райондук милициясынын тергөө-ыкчам тобу барган.

Кой кайтарып жүргөн бала 2014-жылы туулгандыгы, Арчагүл айылындагы мектепте окуй тургандыгы такталды. Айылдан болжол менен 20-25 чакырым алыстыктагы мал сарайда кой кайтарып жүргөн бала таэнеси менен кошо жашайт.

«Балага карата жасалган мамиле боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат. Окуяга катыштыгы бар жарандар, анын ичинде видеого тарткан жаран да милицияга алынып келинди. Кошумча маалымат берилет» , — деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.

Талас облусунун Айтматов районуна караштуу Шекер айылында 2-класстын окуучусу кийим-кечесиз, тамак-аш жебей, мал багып жүргөнү тууралуу видеотасма тарады.

Анда айтылгандай, баланын атасы аны Казакстан менен чек арага жалгыз таштап кеткен.

«Атасы 7 жаштагы баласын Казакстан менен чектеш жерге алып келип, жалгыз таштап, кой кайтартып койгон. Катыган, көгөрүп кеткен нан жейт. Түнкүсүн чөө, карышкыр келип, коркконунан чатырга чыгып кетет экен. Же тамагы жок, же үстүндө кийими жок. Дыйкандар келип, болгон азыгын таштап кетишет. Атасына кайрылышса,  «коркпойт» деп коюптур. Атасы ушинтип баласын кордоп жатат» , — дейт видеонун автору.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM