Биз менен байланышыңыз

Физика боюнча Олимпиадада «Сапаттын» окуучусу коло медаль утту

Кыска кабар | 29 Июл 2024 | 438 | 0

Физика боюнча 54-эл аралык олимпиадада Бишкектеги Ч. Айтматов атындагы лицейдин 11-классынын окуучусу Бектур Баратали коло медаль утуп алды.

А. Молдокулов атындагы лицейдин 10-классынын окуучусу Аскар Абдиев Ардак грамота алды.

21-28-июль күндөрү Кыргызстандан барган окуучулар Иранда өткөн физика боюнча 54-эл аралык IPHO-2024 олимпиадасына катышты.

Бектур Бараталини мугалим Дүйшөн Сатыбалдыев, Аскар Абдиевди Чынтемир Сабыров жана Улукбек Ажыбаев даярдашкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM