Биз менен байланышыңыз

«Ат чабыш» күмүш коллекциялык тыйындар жүгүртүүгө чыгат

Кыска кабар | 29 Июл 2024 | 397 | 0

Кыргызстанда августтан тарта “Ат чабыш” күмүш коллекциялык тыйындар жүгүртүүгө чыгат. Бул тууралуу Улуттук банктан кабарлашты.

“Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары” сериясындагы күмүш тыйындар 8-14-сентябрда Казакстандын Астана шаарында өтө турган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналат.

Алдыңкы бетинин негизги сюжети катары така түрүндө салынган ат майданынын фонунда ат чаап бараткан эки чабандес чагылдырылган. Ошондой эле Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эмблемасы жана монетанын “Ат чабыш/At Chabysh” деген аталышы, ошондой эле номиналы 10 сом түшүрүлгөн.

Тыйындын арткы бетинде да жарышка түшкөн чабандестердин сүрөтү, мамлекеттик герб чагылдырылып, “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары / World Nomad Games” деп жазылган. Монетанын сол жагында чыгарылган жылы (2024), оң жагында металлдын сапат белгиси (Ag 925) менен салмагы (31,10 g) берилген.

“Ат чабыш” коллекциялык тыйыны өлкө аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM