Биз менен байланышыңыз

Сапаттуу мугалим – сапаттуу билим. Шаматов менен Сайдилкановдун маеги (2-бөлүк)

Блог | 24 Июл 2024 | 1325 | 0

Маектин башы өткөн санда:

Билим берүүнүн негизги максаты – сапаттуу билим берүү

Дүйшөн Шаматов: Агай, бул ирет мугалимдер жөнүндө маек куралы. Заманбап мугалим өзү кандай болушу керек?

Орозали Сайдилканов: Азыр мектепке чебер, чыгармачыл, жаратман, эркин, өз алдынча болууга жөндөмдүү, гумандуу, баланын жүрөгүнөн түнөк таба билген, акыл-эсин башкара алган, сезимин бийлеп алган руху бай жана күчтүү, мекенчил, баланы сүйгөн, түшүнгөн, кабыл ала билген, ага ишенген, өмүрү өрнөк чыныгы мугалим керек. Мугалим күн сайын балага жаңы адамдын сыпатын көрсөтүп турушу зарыл. Мугалимдин адистик жана кесиптик чеберчилигин жогорулатпай туруп, сапаттуу билим берүүгө жетишүүгө мүмкүн эмес.

Дүйшөн Шаматов: Сиз өз тажрыйбаңызда мугалимдердин адистик жана кесиптик чеберчилигин жогорулатууда башкы артыкчылыктуу жол катары көңүл чордонун эмнеге бурар элеңиз?

Орозали Сайдилканов: Чындыгында, мугалимдердин адистик жана кесиптик чеберчилигин өнүктүрбөй мектепте сапаттуу билим берүү жөнүндө сөз кылууга болбойт. Мен жаңыдан Кара – Кулжа районундагы Кызыл–Жар айылындагы Жданов атындагы орто мектебине директор болуп барганымда эң негизги маселе: Мугалимдердин адистик жана кесиптик чеберчилигин жогорулатуу, окуучулардын жана ата-энелердин мугалимдерге ишенимин жаратуу болчу. Мен жума сайын усулдук семинарларды, тренингдерди, окууларды өтүп, ар бир мугалимдин сабагына катышып, күндөлүк пландары менен таанышып, усулдук көрсөтмөлөрдү топтук да, жекече да байма-бай берип жаттым. Айрым мугалимдерде жаңылануу байкалганы менен жалпы мугалимдер жамаатында бир чейрек ичинде өзгөрүү, окуучуларга сапаттуу билим берүүгө умтулуу, жамааттык жоопкерчилик жарата албадым. Акыры 5 жылдан жогору 40 жылга чейинки эмгек стажы бар мугалимдер менен “Сиздин ийгилигиңиздин данакери болгон педагогикалык табылгаңыз” деген темада аңгемелешип чыктым.

Бирок, бир дагы мугалимдин билим берүүдөгү өз жолун таба албадым. Аңгемелешүүдө жалпы “сиздин көрсөтмөңүздү, же окутуу жана тарбиялоо иши боюнча орун басарыңыз жана мектептен жана класстан тышкаркы иштерди уюштуруучу тарабынан айтылган райондук билим берүү бөлүмүнүн тапшырмаларын аткарып жатам” деген жооптон башка жарытылуу эч нерсе айтышпады.

Мени “Кантип жалпы мугалимдердин окуучулардын билим сапатын жогорулатууга чыгармачылык жоопкерчилигин жаратам? Кантип максатка жетүүдө ар бир мугалимдин өз жолун таптырам” деген суроолор ойлонтту.

Дүйшөн Шаматов: Жоопту кайдан издедиңиз?

Орозали Сайдилканов: Изденүүгө туура келди. Ал учурда менде болгону В.А. Сухомлинскийдин “Мугалимге жүз насаат”, “Балага жүрөгүмдү берем”, “Павлыш орто мектеби” жана “Мектептин жаш директоруна кеңеш” деген китептери, ”Народное образование” журналынын айрым сандары эле бар эле. Ошолорду окуп чыктым. В.А. Сухомлинскийдин “Мугалимдердин өзүн-өзү мугалим катары таануусу жана өзүнүн ишмердүүлүгүн өзү баалай билүүсү – анын өнүгүүсүнүн негизги шарты. Мугалимдин өнүгүүсүсүз — окуучуда өнүгүү болбойт”, — деген сөзүн таап алдым.

Дүйшөн Шаматов: Керемет. Андан соң ишмердүүлүгүңүздү кантип уланттыңыз?

Орозали Сайдилканов: Биринчи кезекте «мугалимдерди өзүн-өзү мугалим катары таанууга жана өзүн-өзү баалоого үйрөтүшүм керек экен” деген ойго келдим. Бул биздин мектептин чечүүчү негизги маселеси болуп калды. Педагогикалык кеңешменин кароосуна “Кантип мугалимдер өзүбүздү-өзүбүз мугалим катары тааныйбыз жана өзүбүздүн ишмердүүлүгүбүздү өзүбүз баалайбыз” деген маселени коюуну чечтик.

Дүйшөн Шаматов: Демек, мугалимдер өздөрү үйрөнө баштадыбы?

Орозали Сайдилканов: Ооба. Мугалимдерден педагогикалык кеңешмеге чейин (2 жума мурун) ыктыярдуу негизде төмөндөгү темалар боюнча топторго бөлүнүп, тезис түзүүнү, түзгөн тезисти педагогикалык кеңешмеде топтун лидерин коргоп берүүсүн сурандык:

1-топ : Мугалим ким?

2-топ: Мугалимдин максаты, милдети жана парзы.

3-топ: Мугалимдин баланын инсан болуп калыптанышындагы, ата-энелер жана коомчулук менен кызматташууусундагы жана коомдогу ролу жана орду.

4-топ: Чыныгы мугалим болуш үчүн керектүү сапаттар.

5-топ: Кантип мугалим өзүн мугалим катары тааныйт.

Дүйшөн Шаматов: Тайпа-тайпа болуп даярданышыптыр да…

Орозали Сайдилканов: Эки жумадан кийин педагогикалык кеңешмеде “Мугалимдердин өзүн-өзү мугалим катары таануусу жана өзүнүн ишмердүүлүгүн өзү баалай билүүсү – мугалимдин өнүгүүсүнүн негизги шарты” деген аталышта маселе күн тартибине киргизилип, топтун лидерлери өз тезистерин талкууга сунуш кылышты. Сунуштарды педагогикалык кеңешменин бардык мүчөлөрү кызуу талкуулап, тезистерге толуктоолорду киргизип, ишке ашыруу боюнча чечим кабыл алышты. Ар бир мугалим өзүн-өзү мугалим катары таануу жана өзүнүн ишмердүүлүгүн өзү баалоо боюнча эстеткич түзүп алып, иштей баштады.

Дүйшөн Шаматов: Абдан сонун. Натыйжасы кандай болду, агай?

Орозали Сайдилканов: Мугалимдер өз кесиби жөнүндө абдан жакшы түшүнүк кабыл алышты. Кээ бирөөлөрү, “мен киммин? Эмне үчүн мугалим болуп иштеп жатам? Менин ролум кандай жана кандай жоопкерчиликтерим бар” деп ойлонуп калышты.

Дүйшөн Шаматов: Кийинки кадамыңыздар кандай болду?

Орозали Сайдилканов: Педагогикалык кеңештин чечиминин негизинде ар бир мугалим адистик жана кесиптик чеберчилигин өнүктүрүүнүн жеке планын түзүштү. Жеке планда төмөндөгүлөр киргизилген:

—  Эмнени үйрөнүү зарыл?

—  Кайдан, кантип үйрөнөт?

—  Кимдер менен тажрыйба алмашылат жана ой бөлүшөт?

—  Качан иш тажрыйбасында пайдаланат?

—  Ишиндеги өзгөрүүлөрдү кантип баалайт?

—  Ээ болгон тажрыйбасын жана анын натыйжасын кимге кандай ыкмалар менен тааныштырат.

Мындан сырткары мугалимдер усулдук кеңеш сунуш кылган мугалимдердин ишмердүүлүгүнүн сапатын өзүн-өзү баалоонун критерийине ылайык өзүнүн ишмердүүлүгүнө өзү диагностикалык баалоо жүргүздү. Диагностикалык баалоонун жыйынтыгын талдап, ишиндеги ийгиликтерди, көйгөйлөрдү жана анын келип чыгуу себептерин изилдеп, өзүнүн ишмердүүлүгүнүн кайсы багыттарын өзгөртүүнү аныктады. Аны өзгөртүүгө өзүнүн даяр мүмкүнчүлүктөрүн, аны чечүү үчүн керек болгон зарыл билим, билгичтик, көндүмдөрдү жана тажрыйбаларды аныктады. Аларды кайдан, кимден үйрөнөрүн болжолдоду. Ошонун натыйжасында өзүн-өзү өнүктүрүү планын түздү.

Өз алдынча өз билимин өзү өнүктүрүп, кесиптик чеберчилигин жогорулатып, билим берүүнүн сапатына жетишүүгө киришти. Татаал маселелерди чечүүдө мектеп жетекчилери жана башка мугалимдер менен кызматашууга эркиндик берилди.

Дүйшөн Шаматов: Демек, мугалимдерге эч ким милдеттендирбей, алар өздөрү изденип иштей баштаган экен да. Өздөрүнө болгон ишеними артса керек…

Орозали Сайдилканов: Ооба. Мугалимдерде өздөрүнө болгон ишеним артты. Ишеним — өз алдынчалуулукту, чыгармачылыкты, демилгелүүлүктү жана жоопкерчиликти жогорулатат, ар бир мугалимге ийгиликти, сапатты камсыз кылууда өз жолун табууга шарт түзөт. Мугалим натыйжага жана сапатка багытталган жеке чыгармачыл планын өзү аң сезимдүү аткарууга, өз билимин жана өзүн-өзү өркүндөтүүгө керектөөсүн, адистик жана кесиптик чеберчилигин жогорулатууга умтулуусун, окуткан предметин терең өздөштүрүүгө, педагогиканын теориясына кызыгуусун арттырат. Ар бир окуучунун керектөөсү, каалоосу, мүмкүнчүлүгү, жөндөмү, шыгы, таланты ар түрдүү болгондуктан, мугалимдер ар бир окуучу менен чыгармачылыкта ар түрдүү ыкмаларда иштөөгө туура келет. Мектепте мугалимдер окуучуну окутуунун объектиси гана эмес, субъектиси да болуп эсептелерин түшүнүп, бүт аракетин окуучуну өнүктүрүүгө багыттоого киришти.

Дүйшөн Шаматов: Окуучулар менен мугалимдерде кандай өзгөрүүлөрдү байкадыңыз?

Орозали Сайдилканов: Окуучуларга карата мамилесинде, түпкү натыйжага – сапаттуу билим берүүгө жоопкерчилигинде оң өзгөрүүлөр болду. Көйгөйлөрдү аныктоону, себептерин изилдөөнү өз алдынча, өз билгиси менен жасай баштады. Мугалимдердин өз ара кызматташтыгы күчөдү, билүүгө муктаждык жаралып, бири-биринен сурап билүүгө, тажрыйбасын үйрөнүүгө, дүйнөлүк жана ата мекендик педагогдордун эмгектерин окууга умтула баштады. Мугалимдерде педагогикалык илимди сүйүү, ийгиликке өз алдынча жетүүгө жол табууга умтулуу сезими жаралды. Мектептеги илимий-усулдук иштер ар бир мугалимдин теориялык, усулдук, руханий муктаждыгы, керекттөөсү жана кызыгуусу эске алынып, топтук жана жеке формада уюштурула баштады. Натыйжада, мугалимдердин адистик жана кесиптик чеберчилиги жогорулап, сабактарынын жана класстан тышкаркы иштери максатка багытталып жүргүзүлгөндүктөн, окуучулардын билимге кызыгуусу, жакшы болууга умтулуусу күчөгөндүктөн, мектепке жана мугалимдерге окуучулардын жана ата-энелердин ишеними жаралды. Мугалимдердин кадыр – баркы, бедели жогорулады.

Дүйшөн Шаматов: Агай, бул тажрыйбадан кандай жыйынтык чыгардыңыз?

Орозали Сайдилканов: Мугалимде адистик жана кесиптик чеберчилигин жогорулатуу менен билим берүүнүн сапатын жогорулатууга муктаждык жана керектүүлүк болбосо, каалоо, кызыгуу

жаралбайт. Каалоосу, кызыгуусу аткарылып, ийгиликтин тузун татып турганда гана мугалимде шыктануу, эргүү пайда болот. Өзүнүн жасаган ишине канааттануу жаралат. Ал эми ийгиликке шыктануу жана эргүү — тынымсыз өнүгүүнү шарттайт. Эң негизгиси мугалимге өз алдынчалыкка, чыгармачылыкка, ийгиликке өз жолу менен барууга эркиндик берүү зарыл. Ошондо гана мугалим чыгармачылыкка жөндөмдүү, эркин ой жүгүртө билген, жети өлчөп, бир кескен, акыл калчап иш кылган, ар кандай татаал жана кыйын кырдаалдарда көйгөйлөрдү чечип, өз алдынча жана туура чечим кабыл ала билген, атаандаштыкка жөндөмдүү инсанды калыптандыра алат.

Маектин уландысы:

Билим берүүдө реформалар мугалимсиз ишке ашпайт (3-бөлүк)

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM