Кыргызстанда мектептер 12 жылдык билим берүүгө өтүп жатат. Бул чечим өлкөнүн экономикалык бакубаттуулугу үчүн атаандаштыкка жөндөмдүү адамдык капиталды өнүктүрүүнү камсыз кылуу менен заманбап билим берүү тенденцияларына ылайык билим берүүнүн мазмунун жаңылоону баштайт. Кыргызстандын агартуу тармагына көп жылдык ак эмгегин өтөгөн, гумандуу педагогиканын жактоочусу, автордук гимназия мектебинин негиздөөчүсү, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, 3-даражадагы “Манас” орденинин ээси Орозали Сайдилканов менен кыргыз педагогикасын эл аралык деңгээлде таанытууга жан үрөгөн, жаштардын акыл-эстүү, билимдүү болушуна салым кошуп жаткан PhD доктору, Назарбаев университетинин профессору Дүйшөн Шаматовдун маегин сиздерге сунуштайбыз.
Дүйшөн Шаматов: Саламатсызбы агай, сиз мектеп системасында көп жыл үзүрлүү иштедиңиз. Алгачкы жылдары жаш мугалим, андан соң мектеп жетекчиси болуп эмгектендиңиз. Ошондой эле Кайра куруу жылдары кеңири тараган Амонашвилинин “Гумандуу педагогика” принциптерин Кыргызстанда кадимки тоолуу мектепте ийгиликтүү ишке ашырдыңыз. Азыркы учурда билим берүү тармагындагы өзгөрүүлөргө кандай баа бересиз? 12 жылдык мектеп системасына көз карашыңыз кандай?
Орозали Сайдилканов: Ооба, мен билгенден 2012-жылдан бери эле бул маселе көтөрүлүп келе жатат. 2013-жылы Кара-Кулжа районунда эки мектеп: Мамади Байымбетов жана Беделбай Исаев атындагы мектептер пилоттук мектеп болуп түзүлүп, кийин дайыны жок болуп калган. Алмаз Бейшеналиев Билим берүү жана илим министри болгондо да бул маселе көтөрүлгөн, бирок ишке ашкан эмес.
Дүйшөн Шаматов: Азыр кандай болуп жатат?
Орозали Сайдилканов: Президент Садыр Жапаров, Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров бул маселени ишке ашырууга кызыктар болуп, тиешелүү чечимдерди кабыл алууда. Кендирбаева Доктуркул Шаршеевна Билим берүү жана илим министри болгон күндөн баштап жигердүү аракеттене баштады. Негизинен 12 жылдык окууну мен колдоймун. Анткени бул маселени чечүү аркылуу Кыргызстан дүйнөлүк билим берүүнүн ааламына сапар алат. Мектептердин материалдык-техникалык базасы чыңалат, окутуунун мазмуну жаңыртылып, билим берүүнүн мамлекеттик стандарты кайрадан иштелип чыгылат, мугалимдердин статусуна өзгөртүүлөр киргизилип, алардын адистик жана кесиптик чеберчилигине жаңы талаптар коюлуп, жоопкерчилиги күчөйт. Мектептерде жергиликтүү өзгөчөлүктөр эске алынып, окуучуларды келечекте ийгиликтүү жашоо жөндөмдүүлүгүнө ээ кылууга зарыл болгон билим, билгичтиктерди, көндүмдөрдү, башкача айтканда, иш билгиликке ээ кылууга, ошону менен бирге эле дүйнөлүк адамдын асыл сапаттарын (маданиятын) өздөштүрүп, ааламдашууда атаандаштыкка жөндөмдүү инсанды калыптандырууга өзгөчө көңүл бурулат.
Дүйшөн Шаматов: Агай, сиздин Финляндияга жана Эстонияга барганыңыздан кабарым бар.
Орозали Сайдилканов: Ооба, мен 2016–жылы Финляндиянын жана Эстониянын билим берүү системасы менен таанышып келүү максатында түзүлгөн чоң топ менен бирге барып, көп пайдалуу тажрыйбаларын көрүп келгенмин. 12 жылдык билим берүүнүн PISAдагы, окуучулардын билим жетишкендиктерин баалоонун эл аралык программасындагы, Финляндиянын ийгилигине тийгизген таасирин угуп, жакындан таанышканга кызыктар болгонмун.
Дүйшөн Шаматов: Ошол тажрыйбаныздан айта кетсеңиз.
Орозали Сайдилканов: Биринчи, “11 жылдык билим берүү менен биз кандай инсанды жетилтип өстүрдүк, алар өлкөбүздүн келечегине кепил болуп бере алгыдай иш билгиликке жана сапатка ээ толук кандуу инсан болдубу? Эгер өзгөртүү зарыл болсо, кандай көйгөйлөрдү чечүүдөн башташыбыз керек, башкача айтканда, 11 жылдык жалпы билим берүүчү мектептин бүтүрүүчүсүнүн мамлекеттик билим берүү стандартындагы кемчиликтери кайсылар?” деген суроого жооп берүүдөн башташыптыр. 12 жылдык билим берүү кандай инсандык сапаттарга жана иш билгиликке ээ болгон мектеп бүтүрүүчүсүн, толук кандуу инсанды, калыптандырат деп аныкташыптыр. Мамлекеттик билим берүү стандартын өзгөртүшүптүр;
Экинчи, 12 жылдык билим берүүнүн баскычтарын аныкташып, ар бир баскычта окуучулар кандай инсандык сапаттарга жана иш билгиликке ээ болорун так көрсөтүшүптүр. Билим берүүнүн баскычтары:
- Мектепке чейинки билимберүү – 6 жаш, даярдоо класс;
- Базалык билим берүүчү башталгыч класс 1-4-класс – 7-10 жаш;
- Орто жалпы билим берүүнүн 1-баскычы 5-9 класс – 11-15 жаш;
- Жалпы билим берүүнүн 2-баскычы (Ыктыярдуу негизде кошумча базалык окутуу) 10-11-класс – 16-17 жаш.
Үчүнчү, билим берүүнүн баскычтарына ылайык окутуунун мазмунун, башкача айтканда, окутуунун программасын, планын жаңылашып, ага ылайык окуу китебин чыгарышкан.
Даярдоо классындагылар ар түрдүү тармакта башталгыч билим алууга керектүү билим, билгичтиктерге жана көндүмдөргө ээ болушат, башталгыч класста ийгиликтүү окууга пайдубал түзүшөт.
Дүйшөн Шаматов: Агай, ар бир баскыч жөнүндө кеңири айта кетсеңиз.
Орозали Сайдилканов: Башталгыч класста орто жалпы билим алуунун 1-баскычында ийгиликтүү окууга керектүү эсептөө, окуу, жазуу сабаттуулугуна жана дүйнө таануу көндүмдөрүнө ээ болот, адеп алиппесин өздөштүрөт. Окуу планына кызыгуусу боюнча тандоо предметтерин: “Кызыктуу математика”, “Театр”, “Көркөм окуу”, “Конструктор жана көркөм өнөр”, “Бий”, “Адеп алиппесин” киргизишкен.
Орто жалпы билим берүүнүн 1- баскычында окуучулардын жөндөмүнө, шыгына, талантына карай гуманитардык- коомдук, табигый-илимий, чыгармачылык, көркөм өнөр, технология жана жергиликтүү өзгөчөлүккө ылайык кесипке даярдоо боюнча адистештирилген предметтер окутулат. Окуу планына зээндүү жана таланттуу окуучуларга тереңдетип окутуу, жетишпеген окуучуларга ордун толтуруучу курстарды киргизишкен. Негизинен бул баскычта адиске жана кесипке ээ болууга зарыл керектүү билим, билгичтиктерге, көндүмдөргө, жакшы сезимдерге, адеп-ахлак маданиятына ээ болушат.
Жалпы билим берүүнүн 2- баскычында жогорку окуу жайына керек болгон иш билгиликтерди өздөштүрүшөт, толук кандуу инсандык сапаттарды турмушта пайдалана билүү жөндөмдүүлүгүнө ээ болушат.
Төртүнчү, мектептердин материалдык- техникалык базасынын 12 жылдык билим берүүгө даярдыгына мониторинг жүргүзүшүп, келечекте жакшыртуунун планын түзүшкөн.
Бешинчи, мугалимдер менен камсыз болушуна, алардын даярдалышына сандык жана сапаттык баалоо жүргүзүшкөн.
Кыскасы, учурдагы абалды ар тараптан үйрөнүп чыгышып, бардык багыт боюнча көйгөйлөрдү аныктап, себептерин үйрөнүп, четтетүүнүн жол-жобосун, ыкмасын иштеп чыгышып, 12 жылдык билим берүүнү ишке ашыруунун программасын иштеп чыгышкан.
Дүйшөн Шаматов: Абдан жакшы. Рахмат агай.
Орозали Сайдилканов: Бул багытта сиз дагы оюңузду, сунушуңузду айтсаңыз…
Дүйшөн Шаматов: Эл аралык тажрыйбага таянып, бул жолку билим берүүнүн өзөгүн, сиз айткандай, 12 жылдык билим берүүгө өтүү маселеси түзгөндүктөн, биринчиден, көңүлдүн чордонун ушул маселени тикеден-тике кимдер аткарат, ишке ашырат, ошол адамдарда жаңы ойломду жаратып, жан дүйнөсүн жаңылап, акыл-эсинде жаңыланууга карата төңкөрүш жасоо керек. Андыктан, 12 жылдык билим берүүнү ишке ашырып жаткан адистер ушул демилге окуучуга сапаттуу билим, татыктуу тарбия берүүдө, аларды ар тараптан өстүрүүдө кандай пайдасы тиет билүүсү керек. Реформанын ички маңызын, маанисин, актуалдуулугун ачып берүүсү зарыл.
Экинчиден, билим берүү боюнча ар кандай реформаларды ишке ашырууда эң алдынкы эл аларык жана ата-мекендик педагогикалык илимге жана тажрыйбага таянуу, маселен, сапаттуу билим берүү сабак аркылуу ишке ашкандыктан сабакты пландаштырууда, өтүүдө, жыйынтыгын изилдөөдө, талдоодо жана баалоодо педагогика илимдин жетишкендиктерин жетекчиликке алуу абзел.
Үчүнчүдөн, 12 жылдык билим берүүгө карата реформаны ырааттуу жана системалуу жүргүзүү зарыл. Алгач “Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды өнүктүрүү” мамлекеттик билим берүү стандартын жаңылап, бала бакчадан баштоо керек. Андан кийин башталгыч классты, ошентип 12-класска чейин ирети менен жүргүзүлөт деп ойлойм.
Төртүнчүдөн, Педагогикалык окуу жайларга мектепти эң жакшы жетишкендиктер менен бүткөн, педагог болууга кызыккан бүтүрүүчүлөр, тапшыргыдай жагдай түзүү керек.
Бешинчиден, Мектептин сапатын көтөрүү боюнча мектептердин жогорку окуу жайлары менен жана бири-бири менен кызматташуусуна өзгөчө көңүл буруу, жогорку окуу жайынын педагогикалык билим берүү программасын дүйнөлүк стандартка ылайык жаңылоо, студенттерге ата-мекендик жана дүйнөлүк педагогдордун теорияларын, алдыңкы тажрыйбасын жана жетишкендиктерин үйрөтүү, дүйнөлүк педагогдордун жаңы муундагы изилдөөлөрү жана адабияттары менен тааныштыруу;
Алтынчыдан, жогорку окуужайлардан баштап мектеп директорлорун, лидерлерди даярдоону колго алуу;
Жетинчиден, “Он эки жылдык билим берүү” системасынын маңызын түшүнүп, сапатка жетишүүдөгү маанилүү жол катары колдонсок. Бул маселеге жоопкерчилик менен карап, бирдиктүү аракеттенип, бала-бакчадагы сапаттан мектептеги сапатка, мектептеги сапаттан жогорку окуу жайлардагы сапатка, жогорку окуу жайлардагы сапаттан кайра эле бала бакчадагы жана мектептеги сапатка оң таасирин берип, дүйнөлүк мыкты моделдер менен инсанды калыптандыруу болушу керек. Бул жолдо албетте кыйынчылыктар болбой койбойт. Ошондуктан мен кесиптештериме ийгилик каалап кетем.
Орозали Сайдилканов: Рахмат, Дүйшөн
Дүйшөн Шаматов: Бар болуңуз, агай.
Маектин уландысы:
Сапаттуу мугалим – сапаттуу билим. Шаматов менен Сайдилкановдун маеги (2-бөлүк)