Connect with us

Ташкентте «Кыргыз айылы» ачылды

Кыска кабар | 20 Июл 2024 | 381 | 0

Ташкент шаарындагы «Голубые купола» сейил багында Кыргызстандын Өзбекстандагы маданият күндөрүнүн алкагында «Кыргыз айылы» ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Анда кыргыз боз үйлөрү тигилип, улттук аспаптар, кол өнөрчүлүк, зергер буюмдары жана улуттук кийим кечелер орун алды.

Калаа тургундарын суктандырган «Кыргыз айылы» 2 күн орун алып, кыргыздын улуттук дөөлөттөрүн тааныштырат.

Айылга Өзбекстандын маданият министринин биринчи орун басары Авазхон Таджиханов жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү баш багып, анда орун алган көргөзмө менен таанышып чыгышты.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM