Руслан Айтбаев Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун акими болуп дайындалды. Тийиштүү Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Буга чейин Ала-Бука районунун акими Кайырбек Чаргынбаев болгон. Ал бул кызматка 2022-жылдын 16-июлунда дайындалган.
Руслан Айтбаев буга чейин Бишкек шаардык кеңешинин юридикалык бөлүмүнүн жетектөөчү адиси, андан кийин Жогорку Кеңештин депутаты Марат Аманкуловдун кеңешчиси болгон.