“Бийликти күч менен басып алууга чакырык жасоо” фактысы боюнча Нарын шаарынын тургуну кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлады.
15-июлда Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси («Бийликти басып алууга чакырык жасоо») боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Нарын шаарынын У.М. аттуу тургуну кармалган. УКМКнын маалыматы боюнча, ал узак убакыт бою социалдык тармактарда чагымчыл жана деструктивдүү мүнөздөгү материалдарды жарыялаган.
Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматына дайындалган соттук-лингвистикалык жана соттук-саясий экспертизалардын жыйынтыктарына ылайык, М.У тарабынан жарыяланган материалдарда массалык башаламандыктарга жана бийликти күч менен басып алууга чакырыктын белгилери бар экендиги аныкталган.
Кармалган жаран 2021-жылы Нарын шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо саясий партиялардын биринин активдүү мүчөсү болуп, шайлоого талапкерлигин койгон.
Учурда ал Нарын ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү тергөө амалдары жүрүп жатат.