Connect with us

Жасалма интеллект менен фейк маалымат тараткандар жазаланабы?

Кыска кабар | 9 Ноя 2024 | 188 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Арсланбек Малиев “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” жана Кылмыш жаза кодексине өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштады.

Депутат мындай фейк маалыматтар коомдук пикирге, саясий процесстерге, ишкердик репутация жана адамдардын мамилесине олуттуу таасирин тийгизиши мүмкүн экенин билдирген.

“Бул мыйзамдын дагы бир маанилүү аспектиси — фейктерди түзүү жана жайылтуу үчүн жоопкерчиликти белгилөө болуп саналат. Мыйзам атайлап жасалма контентти колдонуу менен жалган маалымат тараткан жана колдонгон адамдарга жазаларды аныкташы керек”, — деп жазылган анда.

Мыйзам бузган адамдарды 1 жылдан 3 жылга чейин түзөтүү жумуштарына тартуу же 50-100 миң сом айып пул салуу каралган. Эл алдында же жалпыга маалымдоо каражаттары же интернет аркылуу ушул мыйзамдагы эрежелер бузулса, 100-200 миң сом айып пул салынат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM