Астана шаарында өтүп жаткан самбо боюнча дүйнө чемпионатынын биринчи күнүндө Кыргызстандын курама командасы жалпы 3 коло медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен кабарлашты.
Эркектер арасында күжүрмөн самбо боюнча Саяк Бараканов (64 кг) жана Бектен Эркебай уулу (88 кг) 3-орунду ээледи.
Кыз-келиндер арасында спорттук самбодо 50 кг чейинки салмакта Канышай Аманкулова коло медаль тагынды.
Эске салсак, 8-ноябрь күнү башталган мелдеш 10-ноябрда жыйынтыкталат.
Курама команда башкы машыктыруучу Азамат Казакбаев жана машыктыруучу Ильгиз Каналбек уулунун жетекчилиги алдында мелдешке катышууда.