Америкалык ишкер Илон Маск Украинадагы согуш АКШдагы президенттик шайлоодо жеңген Дональд Трамптын планынын аркасы менен жакында токтойт деп эсептейт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маск Трамптын Украинадагы планы боюнча макалага пикир калтырып жатып, жакында кан төгүүлөр токтоорун, кызык кулактыктын доору бүткөнүн жазган.
Трамп буга чейин Украинадагы согушту сүйлөшүү жолу менен чечүүгө аракет кыларына убада берген. Ал тургай чыр-чатакты бир күндө эле жөнгө саларын бир нече жолу айткан.